мобу
- сүйл. Мына бу Көбүнчө көрсөтө белгилөө үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мына мобу ошондо, / Нескара айткан сөз экен: / — Угуп жүргөн кабарда, / Мурунку өткөн Үрүстөм, / Манасың ошол өзү экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үйдө олтурган Манастын / Ойуна кетип мобу кеп: / “Кырк баатырды чогултуп, / Чакыртып алып Алмамбет, / Көңүл ачаар ат ойун, / Салган белем алар”- деп, / Олпокту кийип оңдонуп, / Чүмкөмөсүн тим койуп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тикенек бассаң кирбеген / Бутуңдагы чокойго, / Кыргоол алып шумкарым, / Кирди мобу токойго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Анда Семең кеп айтат: / «Аскан мобу казанга, / Байкаганым айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Кан мобул учуп бара жаткан үч каздын тилин билип кел, билип келбесең башыңды алам" деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →