миңги
- Минип же арабага чегип үйрөтүлгөн ат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Андай болсо, Ажыбай, / Айбанбоз күлүк мингиниң, / Ашыга жолго киргиниң, / Алты сан кара ногойду, / Эстек, нойгут ошондо, / Койбой баарын жыйнагын, / Кой семизин ылгасын, / Алыстан келчүү хандарды, / Конок а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыз Кылжыке, Чолпонай, / Абыл менен Алтынай, / Бирден токуп мингиниң, / Берки керкит калаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каркылдап кайран Кутубай, / Туура тарткан сур чабар, / Мингиниң деп айта албай, / Көзүнүн жашы он талаа, / Сакалы ылдый куйулуп, / Өңү нечен кубулуп, / Үшкүрүнүп турганда, / Абасы түшүп эсине, / Каныкей менен Бакайдын, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Үстүңө соот кийгиниц, / Астыңа тулпар мингиниң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →