минт
- Мына ушундай кылуу, мына ушундай иштөө.
- Кандайдыр бир кыймыл-аракетти же иштин натыйжасын көрсөтүп, ошого шилтөө катарында колдонулат.
- Деп айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Кытайдан келген кызталак, / “Жалгыз кыргыз эл бузуп, / Кошуундун чети кол тарап, / Мына минтип жүргөндө, / Кандай киши жоону алат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каңгайга барсам табамын, / Ким үчүн минтип калганым, / Өктө кылып айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Кара мүртөз кан ичме”, / Деп айтууга эп келбейт, / Минтип турган Манасты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйуктуруп Кулунуң, / Кууп алып жылкыңды, / Кумардан минтип чыкпасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →