миздүү
- Мизи бар, миз чыгарылып жасалган; мизи курч, кырлуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Же болду чала кулга, деп, / Эки миздүү шамшарды, / Жүлүнгө салып муузда, деп, / Эбимди кыргыз табарбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…калканы, / Торгой көз темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши таң калат, / Бул капырдын өзүнө, / Өчөшүп жаман келатат, / Темиркөккө актанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Албарс миздүү кылычын, / Алоокеге суурган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөдөнгө урса баш жарган, / Жыгачка урса таш жарган, / Чапканын кеспей калбаган, / Эки миздүү испийан, / Эки жакка шилтесе, / Эки жүздөн баш алган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй болжоду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →