мең

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Кишинин денесиндеги бүртүйүп турган кичинекей кара так, бүртүйүп турган кичинекей кал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…сыл шердин жанында, / Эки жолборс күркүрөп, / Шамал чыгып артынан, / Жер айрылып дүркүрөп, / Алдында сойлоп ажыдаар, / Түргөн чийдей карааны, / Бармактай кызыл меңи бар, / Кызыл бала дубана, / Суулугунан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Билмексен болуп, сен Бетер, / Бүгүн меңсеп сурайсың, / Көрбөсөм да көргөндөй, / Көрүп турам пейлиңди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айкөлүң жөнөй бергенде, / Шыйкырай калбай келгенде, / Бөлөкчө башка бир жумуш, / Көрүп турган элдерге- / Баш бармактай салаңдап, / Маңдайда кызыл меңи бар, / Жылаңайлак, жылаң баш, / Алты жашар эр бала, / Суулуктан кармап Куланы, / Кошо чуркап калыптыр; / Эки түгөй сур бөжөк, / Үзөнгүгө жармашып, / Бу да жөнө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал Кыйаздын ойунда: / “Сулууну көрүп азбайбы, / Ошону улам деп барып, / Муну меңдер баспайбы, / Куурап өлүп жатпайбы, / Эркин жатып жай уктап, / Менин көөнүм тынбайбы.”- / Барсаң баргын, балам, — деп, / Эки айда бирден келбесең, / Сапырылат санаам, — деп, / Кыйаз айтты жана да, / Жуукурланган далай кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Даарат алып жатканда, / Алдынан өттү бир балык, / Канатынын үстүндө, / Карала сыйа каты бар, / Как төбөнүн үстүндө, / Бармак басым жеринде, / Алтындан сырмак меңи бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →