меш

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Үйдү жылытуу, тамак бышыруу үчүн ылайыкталган, ичине от жагылуучу темирден жасалган же дубалга кошо курулган нерсе.
  2. Бир нерсени ысытуу жолу менен иштетүү үчүн жасалган курулуш.
  3. Туюк союлган серкенин терисинен жасалган чоң чанач.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балбандык белги башында, / Кулагында эшектин, / Кайчыланып делдейип, / Койбоочудай дүйнөнү, / Үйлөгөн мештей дердейип, / Бойунан чоң курсагы, / Бооз катындай чердейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ак көрпө жайыл кызыл меш, / Арзандык менен адамга, / Мындай адам болбойт кез, / Бүтүрөлү камын жеп, / Бул олтурган ишин тез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мынабу мештин түбүндө мойнун куркуйтуп жаңыдан чөгүп жаткан каз болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тышка чыкпай, отту жагып салып, узунду кечке мештин маңдайында отурганы отурган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →