мен
- Сүйлөп жаткан тарапты, сүйлөөчүнүн өзүн билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мендей болбойт шор маңдай, / Бекбача жатпайт дем албай, / Манжудан барып кек албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Таарынтты мени Чыңгыш”-деп, / Айттыбы сага, Жаңгырым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…сып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз айым деген кызын издеп келатамын, – дейт бала.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →