меке1

китептерде 21 жолу, 5 китепте меке 2 →
  1. Жазында, жайында чала сууган жылкынын моюнунун кээ бир жеринен чыгып туруучу кан.
  2. диал. Жүгөрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбайдын артынан, / Өзүбектин Эр Мурат, / Мекелеп кетип баратты, / Бактыбай сайып өткөндө, / Калдаң менен Кампалаң, / Башын кесип жөнөдү, / Баатыр Мурат аркадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Сурай-сурай Мекеге, / Барат” деген укмуш бар, / Учураса кара баш, / Уламалап кеп сурап, / Талас кайда? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чолпонбай чыкты жекелеп, / Кыргыздан четке чекелеп, / Испандан киши чыкпады, / Коросондон бир баатыр, / Келе жатат мекелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арабка барсаң Меке бар, / Майданга чыксаң жеке бар, / Атажуртуң Какандан, / Калгандай баатыр, пейлиң бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карыганда абаңды, / Семетейдин артынан, / Узатып ийгин Мекеге! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →