медер
- Таяныч, бел кылган жөлөк, үмүт.
- диал. Самордун буу чыга турган тешикчесин жаап коё турган жапкычы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Коркконунан кээ бирөө, / Көзүнөн жашы себелеп, / Күпүрлөгөн андан көп, / Медерканды жемелеп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…кай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жакынынан жат болуп, / Көңүлү кирдеп дат болуп, / Элкин болуп элинен, / Медери кетип белинен, / Кужуру келип куршугуп, / Кыжыры кайнап кырданып, / Кыраан Алмаң сурданып, / Суу көтөрбөй сиркеси, / Ызгычка айткан бир сөзү: / — Ызылдаба, ызгыч куш, / Кайдан болдум сага туш?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өткүрү эле экөөнүн, / Оорутпас көөнүн бирөөнүн / Көркөмү эле тулпардын, / Кумпайы эле шумкардын / Бушманы эле душмандын, / Медери эле туугандын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Анык билгин сен муну, / Өзү казак уругу, / Айдаркандын тукуму, / Медетбектин уул эле, / Медеркан деген уул эле, / Ал казактан бул жерге, / Жылында келет Медеркан, / Кыргыз алчу алым деп, / Медерканга бергиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →