ме
- Бирөөгө бир нерсени берүүдө «мына, ал» деген сыяктуу маанини билдирүүчү сөз.
- Итти, чакырганда, тамак бергенде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өз-жат дебей ар кимге, / Ойлогону кара ниет, / Акылым артык меники, / Мени киши билбейт, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темирден тону беш кабат, / Тентектин бири кызталак, / Башында туулга жети кат, / Беттешкенин мерт кылат, / Алып жүргөн кан жалап, / Кара темир калканы, / Кабаты тогуз байкачы, / Барган жерден баш алган, / Бадырек өзү мыкаачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баданаң менен атыңдын, / Башы болсун сеники, / Күдөөрүң үзүп тим калба, / Күчү болсун меники – / Алмамбет андай дегенде, / Көкчө мындай деди эле:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз элиме, / Меникинен сеники, / Көбүрөөк өттү эмгегиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →