маңка

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Көбүнчө жылкыда болуучу жугуштуу оору.
  2. Мурду бузулган, мурду мырык же шаңыракай, киңкилдеп мурдунан сүйлөп калган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…олору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым кесилип, / Кеп кылалбай турганда, / Кейпин көрүп булардын, / Мени тааныйт экен, деп, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Келе жатып Бешкулак, / Карс дегиче бышкырды, / Жолум үйдөй көк маңка, / Жол бойуна былтыйды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кантип болом, адам деп / Ээрдин кесе тиштенип, / Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабынан чыңдап кармады, / Алы келсе баатырдан, / Найзасын тартып алгалы, / Эки колго чогултуп, / Барлык күчүн арнады, / «Ко… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Маңкаң-маңкаң бастырып, / Жолдун четин каздырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тетигиндейден келе жатканда «тиги Маңкашка, тиги Чабдар ат» деп турушат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →