маң1

китептерде 86 жолу, 9 китепте
  1. Меңдубана.
  2. Нашаа.
  3. өт. Келесоо кейбир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каскактын учун кан кылып, / Калмактын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Орто жерин ой кылып, / Эки четин коо кылып, / Арасын ачып жол кылып, / Каскактын учун кан кылып, / Испандын башын маң кылып, / Желип жүрөт бургутуп, / Топчу кулак кер аттын, / Топко башын чулгутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калаанын баары маң болуп, / Караган киши таң болуп, / Көчөнүн көбү маң болуп, / Көргөн киши таң болуп, / Ажыкең кирди борборго, / Ханы жаткан коргонго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир аз сабыр кылыңар, / Аңгеме болоор мунуңар, / Сартбайдын жагын угуңар, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге салган чуулган, / Коросон, Кыйба, Жедигер, / Мисир, Багдат, Уру… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мындан айла болбоду, / Маң, болуп башы ойлонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →