машык1

китептерде 13 жолу, 6 китепте машык 2 →
  1. Маш болгондук, көнүккөндүк, такшалгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Караңгыда Асыл шер, / Машыгып бышкан кеменгер, / Тукумуна Манастын, / Кандай айтсаң эп келер, / “Караңгыда калдырап, / Келди калмак бул жерге, / Беш бөлүнүп душмандар, / Жөнөгөн белем уурданып, / Таласка барып чабуулга, / Эркин элге тийерге? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачакан менен Чолпонбай, / Бир беттешип алышты, / Найзаларын кагышты, / Кайра айланган кездерде, / Кандим болгон Ачакан, / Чолпонбайга сайдырбай, / Жандап өтүп булт берип, / Машыккан экен минген ат, / Балыктан бетер кылт койуп, / Аркасынан айланды, / Кабуусуна келтирип, / Капталдан нары бир сайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арстаның найза сайыптыр, / Машыгып кеткен Чынаача, / Сайдырбастан кагыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлүмдүн жайын билбеген, / Баатырдын келсин баарысы, / Ар өнөргө машыккан, / Артыкча туулган жан келсин, / Өткүр кыйын куу келсин, / Укпай калдык дебесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдындагы Бозжорго, / Уруштуу күнү көп минип, / Машык болгон маш жорго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →