машак
- Буудай, арпа сыяктуу өсүмдүктөрдүн сабагына улай кеткен башы, орупжыйнап алгандан кийинки аңызда калган эгиндин башы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сак колун Сазан сермеди, / Орумдагы машактай, / Чакмакташ колго келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качан тажик эл болдуң, / Теңдешип элге эр болдуң, / Эгин эгип жаштарың, / Машак терип калганың, / Адырда жүргөн дүмүр чаап, / Катын менен балдарың, / Үйдө жатып от көрбөй, / Муздап өлгөн карганың, / Унутупсуң, Темирбек, / Калмактардын зардабын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →