мата2

китептерде 19 жолу, 8 китепте мата 1 →
  1. Матоо менен ийүү, ныгыра басып ийүү, кыйшайта катуу кере тартуу, керектүү формага келтирип ийүү.
  2. Жылбас кылып байлоо, кере-кере тартып кыймылдагыс кылып байлоо, кабыра байлоо.
  3. Башка жакка өтүп кеткис кылып туюкка тосуу, туюкка такап камалган абалда кармоо.
  4. Кекетүү, жекирүү, кекээр сөз айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Казынадан беш мата, / Алып чыгып Бекбача, / Нурфануга кепин, де, / Унутуп калбай айткыла, / Акылман энем Каныкей, / Өз колу менен кармаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мингени буудан кара сур, / Күркүрөп калмак келе атат, / Аңгычакты артынан, / Матай, Катай, Дөрбөнү, / Жүз элүү миң аскери, / Келген экен чогулуп, / Баары муну көргөлү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…н найзасы, / Түпөгүнөн такалды, / Өтпөй найза какады, / Олпокко салган булага, / Оролду найза темири, / Кайраттанып Ачакан, / Кайра тартып алалбай, / Кабыргасы маталды, / Найзадан тойуп Ачакан, / Кененимди таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Маталып буудан Суркойон, / Жыгыла жазып тас калып, / Эр Гүлүстөн баатырдын, / Карчытынан кан кетти, / Карап турган Семетей, / Ур дедирбей ал жетти, / Алмамбет уулу Гүлүстү, / Ажыратып жай кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Адамдын боору ооругудай чилмийген колун калтыратып, жаман мата көйнөгүнүн этеги менен эңкейип, жашын сүртүп жатып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →