мас
- Ичкилик ичүүнүн негизинде алгачкы ал-абалынан тайыган, мастык абалына келген, абдан кызуу.
- Эңги-деңги, каалгыган, ыракатка баткан (көбүнчө абалга карата).
- өт. Менменсинип, чиренип керсейүүчүлүк, абдан көпкөнчүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кеткен экен деп угам, / Анда Көкүн бар болсо, / Бара алат беле борборго, / Кол сала албайт болучу, / Кызыл мастен ордого.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мадыбекте акыл аз, / Өзү толук Чигитей, / Баатырлыкка болуп мас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Мас болуп Көкчө жыгылды, / Баатыр Алмаң не кылды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шыңкылдап күлүп, наз кылып, / Айлантып башын, мас кылып, / Канчорону туз урган, / Кастыкка аны маш кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →