март1
- Календарлык жылдын үчүнчү айы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайда барсаң анда бар, / Акырет жагың камдай бар, / Баш бар жерде маңдай бар, / Тил бар жерде таңдай бар, / Алмамбет досум, ойлосоң, / Өзүм бердим, зорум жок, / Мындан башка жообум жок, / Анда Алмамбет ойлонду, / Ак талдан бетер толгонду: / Аты-тону - баарысын, / Мага берип койгону, / Март ушунча болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…керден шыктуудан, / Балталашаар мыктуудан, / Канжар урчу камбылдан, / Кайра качпас даңгылдан, / Чокморлошчу балбандан, / Томкоруп жоону алгандан, / Кылыч чабар мартыңдан, / Соот кийген зоруңдан, / Жоого аттанчу чоңуңан, / Келбей бири калбасын, / Керекке келер бар жандан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Жолдо кетип баратып, «баягы менин кайырчылык заманымда эл ушундай март болсо-чу» деп, бир ойлоп алдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кимдин дүнүйөсү көп болсо, ошол март болот, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Мына март деп, мен үйүнө барганда малай жүрүп, алып келген беш коюн союп, жүрөгүн бышырып берген ЖИГИТТИ айт, – деп кан эки вазирин ордунан түшүрөт:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →