марал

китептерде 42 жолу, 8 китепте
  1. Бугунун ургаачысы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аралдан атты маралды, / Аралап элик карады, / Түнөрүп жаткан бадалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мал оттосо жай алган, / Маралдын оту бөксөнүн, / Мал жалгаган чөптөрүн, / Пайдасын эч бир көрбөдүм, / Башымды кошкон Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тымсак менен таш бака, / Аралап өткүс чөлүңдө, / Узуну келет жүз кулач, / Сары чаар жылан көлүндө, / Бугу менен маралы, / Көлөкөлөп жатышат, / Карагай, кайың түбүндө, / Аркар-кулжа аралаш, / Эчки,теке,боз кийик, / Жайнап жатат төрүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кулжасын атып кулатып, / Текесин атып сулатып, / Илбирс менен чөө атып, / Жолборс менен шер атып, / Түлкү менен бөрү атып, / Марал менен бугу атып, / Көлүнөн өрдөк-куу атып, / Сексен төөгө жүк артып, / Төөлөрдү чиркеп чубатып, / Колуна бербей кат жазып, / Жуурда көрсүн жеңем, деп, / Жакасы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Артыш, Маралбашыдан, / Тумшук менен Чыландан, / Айкөл, Аксуу, Байлардан, / Жам, Кызыл, Күчөр калаадан, / Башабегим, Көрлүдөн, / Карашаар, Дабанчын, / Сайапу кумдуу шорунан, / Салып жүрүп олтуруп, / Уланбай да эшиктен, / Жамбылга кирчү тешиктен, / Барып кирди Токтосарт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →