манжу
- Туңгус-манжу тукумунан тараган эл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мендей болбойт шор маңдай, / Бекбача жатпайт дем албай, / Манжудан барып кек албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…андым, деп, / Безилдеп ыйлап кан какшап, / Чигитейге баралбай, / Же кетип калгын кайра, деп, / Кычырып келген каркыттап, / Кытай менен моңгулга, / Таңгыт менен манжуга, / Айтып муну баралбай, / Санаасы миң, кыйал көп, / Жатып уйку алалбай, / Өзүнчө оору болуптур, / Күнү-түнү толгунча, / Саргарып өңдөн оңуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кыйын балаа бастым, — деп, / Кытайдан келген кулуңдан, / Кызылдай өлө жаздым, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүгүн келдим Таласка, / Азап күн салам алашка, / Манжу, Каңгай, Кытайга, / Теңим бөлүп беремин, / Коросон менен Испанга, / Теңин бөлүп беремин, / Мисир, Багдат, Иранга, / Дагы бөлүп беремин, / Конушунан көчүрүп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →