манжа

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Колдун жана буттун салаа-салаа болуп кеткен эң акыркы кыймылдуу бөлүктөрү (кыймылдуу шакшактары).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак калпак кыргыз көп алаш, / Кол сунушуп манжа ууштап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…күндүк чабышта, / Чалыкпас жайы көрүнөт; / Кара мүртөз кайры жок, / Карамдык жагы көрүнөт; / Көзү чуңкур, дөң маңдай, / Дүмөк далы, кыска бел, / Томолок билек, манжа учтуу, / Кармагандан кан чыкчуу, / Каруусу артык көрүнөт; / Капырай кандай адам, деп, / Бакайдын көөнү бөлүнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Түзөңдүн болот аңдары, / Токойдун болот каманы, / Беш манжаңды карап көр, / Бардыгы текши турабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир бармагым тиштесем, / Тиш тийбеген жана ооруйт, / Ойлоп көрсөм бул ишти, / Он манжамдын баары ооруйт, / Эки жагы тепе-тең, / Ажал башты не тооруйт?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Билекке манжа илинди, / Бул бадырек айбандын, / Баатырлыгы билинди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →