манас

китептерде 1802 жолу, 8 китепте
  1. филос. Байыркы Индия философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Бардык менталдык болгон нерселерди камтуучу эң кеңири маанидеги акыл.
  2. Калкаа, корголой турган жай, байыр алуучу орун.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Байыркылар кеп салат: / “Баатыр Манас арбагы, / Узартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Кененим айтат мамындай: / — Бирден-бирден келбегин, / Бириңди бириң көрө албай, / Бириндеп жүрүп өлбөгүн, / Атам Манас айкөл шер, / Алтымыш балбан дегениң, / Бир кишиче көрбөймүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…здерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →