мамык
- Куштардын канаттарынын астындагы майда, жумшак түк; тыбыт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ышты, / Күн-түнү жок күдүрөп, / Камын кылып калышты, / Болжогон айдан калбастан, / Балтыкка көчүп барышты, / Дөбөдөй болгон токсон миң, / Үйдү тигип салышты, / Мамыга тартып кермени, / Суурулган күлүк, жоргону, / Кежимдеп үрдүк жабышты, / Келиштирип кермеге, / Абдан байлап салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баарысы кепти таштады, / Башына мамык жаздады, / Зулпукан менен Мадыбек, / Өлүп кете тас калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келди ортого, / Кабылан Бакай, Нескара, / Башкарчу уруш хандары, / Катар койгон тактага, / Жумшак мамык пахтага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бала кызыл атты чечип, өз атын мамыга байлап жатканда, жанына басып барды да Бейшемби:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →