малай
- Бай-манаптарга киши күчүнөн пайдалануучуларга жалданып иштеп же кызматын кылган жалчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойу менен олжо алып, / Олжону берип кол алып, / Жөөткө барып кошулуп, / Таласка кайта келгенде, / Кандар агып шаркырап, / Сууга куйду жошулуп, / Жана ойлоду мамындай: / “Атбашы барсам Бактыбай, / Кароолчусу бир малай, / Карсылдашар бир далай, / Мен чыдаймын талыкпай, / Ат чыдайбы чалыкпай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бартылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Колун сунуп көрүшүп, / Эсен сөзүн сурашып, / Эрмектешип бир далай, / Алтындан зембил көтөрүп, / Он эки желдет, бир малай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бирок ушул кеп кандай укмуштуу болуп айтылып жатса да Кыргыз-Сайдагы малайларды көп коркунуч даарыган жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →