макул
- Ылайык, туура көргөндүктү билдирүү иретинде колдонулуучу сөз.
- Ошондой болуусу жөндүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барган жерде макул деп, / Маа кошулса жакшы кеп, / Калкынан качкан караан деп, / Карабаса кийин кеп, / Элинен азган кишиге, / Эки жылга эл жок, деп, / Жеринен азган кишиге, / Жети жылга жер жок деп, / Жеткирлер айткан бу бир кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Макул болот абаке, / Мен табайын эми эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →