макта
- Жакшы жактары, көрүнүктүү иштери, аракети, баатырлыгы ж. б. жөнүндө жактырган сөз айтуу, жакшы жагын көрсөтүү, белгилөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жатып калды кайтышып, / Мактанып кебин айтышып, / Шоорук хан жатты уктабай, / Көз жума албай таң атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– / — Арстаным Көкчө, анда, — деп, / Айтканыңан танба, — деп, / Көк күбөң берчи кийейин, / Көгалаң берчи минейин, / Баркымды айтпай мактанып, / Башымды катпай сактанып, / Басташып жүргөн душманга, / Барып мен бир келейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жерди көрүп макташып, / Тоосунан кулжа, теке атып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →