мада
- Житире саюу, кагуу уруу.
- Кадала кароо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүгүнкү кырда талаада, / Маданага жолугуп, / Уккан кебим бул болуп, / Кычырып эми олтурам, / Баарыңарды чогултуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Кайра келди чубашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара бойго тийбеди, / Каржиликтин булчуңга, / Найзаны мадап жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бооруна найза мадалды, / Түпөгүнөн такалды, / Калдайтып алды көтөрүп, / Желжетпес баса албады, / Ошол кезде Куйалы, / Жан жагына карады, / Үзүлүп кетип колкосу, / Сарыбайдын Тоосур ат, / Өлүп калган убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атайын көргөн бу качыр, / Өзү мада куу качыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →