маара2

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Козу, улак, кой, эчкилердин «маа» деген үн чыгаруусу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мен да айтам кабар, деп, / Толкуп суулар чулкулдап, / Мен айтамын анык, деп, / Кашкулактар мултулдап: / Айгыр айтып аркырап, / Бээлер айтып каңшылап, / Койлор маарап чуркурап, / Иттер айтып кыңшылап, / Кененимди көргөндө, / Жан-жаныбар бөй-чайан – / Баары чыкты кыбырап, / Өлбөгөн тирүү немеси, / Бири калбай мыдырап, / Жаңы … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Бурананын белинен, / Булуттун алды четинен, / Буркураган чаң чыгат, / Бөлөк-бөлөк туу чыгат, / Кой маараган сыйактуу, / Кулакты жарган дуу чыгат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эчки маарап эчкирип, / Ызгычтары ызылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өзү шайдоот Кайыпчал, / Кызын алып кепке ороп, / Үргөнчтүн барып жерине, / Кыйбанын келип элине, / Баланы жерге таштады, / Маарап келип бир аркар, / Эмизе кызды баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Койду көргөндө кубанганынан эки улак "мака-каа" деп маарап кое беришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →