маани
- Нерсенин, көрүнүштүн кубулуштун, түшүнүктүн логикалык жактан шартталган ички мазмуну, акыл-ой менен түшүнөрлүк ички маңыз, касиет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күлүктүгү Жылбастын, / Мааникерден кем эмес, / Тулку бойу Жылбастын, / Тотучалык деги эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтумушту чакыртып, / Чогулуп алып окушту, / Кат маанисин билишип, / Семетей жазган кат экен, / Эки түрдүү шарт экен: / “Кабар уктум чыгышта, / Кармап сойуп жепсиңер, / Киши келсе батышка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буурултокой дегендин, / Түп мааниси бул экен: / Катыны мурда кызды тууп, / Андан кийин уул тууп, / Жалгыз Жакып турмайлык, / Угузкандан тараган, / Атагы алаш элине, / Арка болор муун тууп, / Буур…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жол маанисин менден ук, / Менден уксаң, бейлеп ук, / Калет келсе кантейин, / Атаңдын көрү дүйнө бок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Сөздүн маанисине түшүнгөндөн кийин Шааысмайыл жолуна түшүп кете берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →