маана
- Баш калкалай турган жай, калканч, паана.
- өт. Жөлөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Калдык каапырдан, / Атка токтоор калбады, / Беттешип чыккан бендени, / Бирин койбой жалмады, / өтүп кетти казакка, / Маңгыттын салган зардабы, / Алдыңа келдим маана издеп, / Сенден жооп алгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…п, / Жумшаганда Мадыбек, / Бастырган пейли эң жаман, / Менин эрим Медеркан, / Акырайа бир тиктеп, / Сен жумшадың, Зулпукан, / “Балага балык жегиз, — деп, / Баш маана болгон кыргызга, / Байбиче берген жемиш” деп, / Балага берип жатканда, / Байкабай калды Мадыбек, / Сени жумшап жиберди: / “Той беремин уулума, / Тойдун камын к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тиги турган желмогуз, / Ойду-тоону жойлоду, / Элдин малын койбоду, / Малдан бетер титинбей, / Ата-энесин сойгону, / Жыландай арбап соргону, / Тийишпесе ким билет, / Мундай канчык көп жүрөт, / Качып сага келген бейм, / Жалган айтып маана издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ар түрлөнгөн жыгачты, / Канаттуунун уйасы, / Андан мурун барбаган, / Адамзаттын баласы, / Туйуктөрдө көп жыгач, / Канаттуунун маанасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →