маал

китептерде 78 жолу, 10 китепте
  1. Мезгил, убакыт, учур.
  2. Жолу. Бир маал, эки маал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эл көчүп барчуу жайлоого, / Кеңири жери мында жок, / Күзүндө барчуу кыштоого, / Деги маалы болгон жок, / Эмне үчүн ак чыйыр, / Кандай болуп калды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Хан Бакай менен кырк чоро / Агыткан атын жайлоого, / Кезек менен барышып, / Күндө бир маал жоктоодо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки күндө жеткиргин, / Кайыпчыга маалында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Той берүчү, аш берчү, / Маалы элдин болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Булар ушинтип жатканда мен бир кендир көтөрмөнү алдым да күндөгү маалды көрүп, отунга кетип калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →