локуй
- Абдан чоң, күрсүйгөн көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолу каткан доңуздун, / Бетинен каны жошулуп, / Камчы саптай шырылдап, / Топуракка кошулуп, / Туулга жок жылаң баш, / Коборгон таштай сокуйуп, / Карап турат кеңгиреп, / Кара бойу локуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канчородон кеп угуп, / Жана иш бар деп угуп, / Жөнөп кетти Сетертай, / Куйун тайды токунуп, / Коргонго кирип чоң Кыйаз, / Семетейдин ордуна, / Олтурду чыгып локуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →