лама
- зоол. Түштүк Америкадагы төө сыяктуу жаныбар.
- зоол. Будда дининин кызматчысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кет дегенде турбастан, / Чуу койушту дүбүрөп, / Ламасына барышты, / Кол куушуруп бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каарына калсаң кантесиң, / Жаңыдан келди бир лама, / Теңдеши жок жалганда, / Күлкаакы деген бир куш бар, / Кызыл мистен сарайда, / Сарайга көзүң салганың,- / Кудайга көзүң салганың, / Күлкакыга катышсаң, / Адашып жолдон калганың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ылдамыраак чачкыла, / Амалкөй Лама бир шайтан, / Кутулуп кетип калбасын, / Ушул Лама зор душман - / Ал төөчүнү кошо алып, / Күлдүрдүн уулу Алдырбай, / Артынан түштү жол алып, / Аңгыча Лама шек а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…йы менен чытайы, / Чытыраган доотайы, / Анжу менен манжусу, / Жаңжүн менен дуудуусу, / Көк жаңырып басылбайт, / Көпчүлүктүн чуу-чуусу, / Кечил менен калмагы, / Лама менен калдайы, / Таш сайынган далайы, / Бейжинди карай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →