лакый
- Денеси чың, бою узун адамга карата колдонулуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алымсарык балага, / Армансыз болуп өлгүн, деп, / Туруп берди закыйып, / Тарпка канган кажырдай, / Көөдөндү тосуп лакыйып, / Ирмебей кирпик тиктесе, / Тоңгон уйдун көзүндөй, / Түбүндө кайнап чакыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чайыттай көзү ачылып, / Тоңуп аткан уйга окошош, / Ирмелбей кирпик чакйып, / Жаткан экен акыйып, / Белинен ылдый караташ, / Барча тоодой лакыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Туулгасын башка чөмөрүп, / Өчөшкөн доңуз көгөрүп, / Каңгайлап ураан чакырып, / Кайраты көптү жапырып, / Майданга келди лакыйып, / Калың кыргыз калкынан, / Кененим чыкты бастырып, / Жаалысы келип жүзүнө, / Баатырдын уулу чунактын, / Жан багалбай түсүнө, / Бир сары тон жамынып, / Күрөөкөнүн үстүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куунайзалап акырып, / Эрдемсиген Куткарбас, / Атынан айтып чакырып, / Качырып жоого тийчүдөй, / Каарданып бакырып, / Тапан ханды бир тиктеп, / Өңү сары, көз кызыл, / Ак букардай чакыйып, / Куунайзасын таба албай, / Айланта тиктеп акыйып, / Жем чачып калган бүркүттөй, / Куткарбас турду лакыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…канда Тазкара, / Тиктеген көзүн ирмебей, / Карыган койдой чакчыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Айткандын баары маскара, / Жемге тойгон кажырдай, / Мүрүсүн салып лакыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Төө куйрукту кучактап, / Күндүз жаткан үкүдөй / Жайнап көзү бакыйып, / Сүйлөп жатып Тазкара, / Күлүп кетет каткырып, / Туруп калат м…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →