көөнөр

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Эскирүү, тозулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыл өтүп таш көөнөргөн, / Үстүнөн ысык күн жеген, / Жик-жигинен суу кирген, / Калдырап кулап таш калды, / Шалдырап сөөгү саналды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кызыл мизден жасалган, / Көөнөрүп сырын дат алган, / Салтанаттуу ордо экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жоломан бир топ менден улуу да, чоң да, мага караганда көптү көргөн, көөнөргөн немедей. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →