көөнө
- Эски, эскирип калган, көөнөргөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кой кыргыздын колунда, / Айунун өтү кыргызда, / Мурунтан бери көп экен, / Жаңысы менен көөнөсү, / Айрылбаган неме экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бакайды самап Жамгырчы, / Батпай келет шаттанып, / Эсинен чыкпай эр Бакай, / Улам-улам эске алып, / Көөнө токой Самаркан, / Ойдуң жакты бетке алып, / Кырмойнок деген жер экен, / Кырка артуу бел экен, / Алты белес бел ашып, / Аста жүрбөй катуулап, / Ат айабай бек ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чапканына чыдабай, / Чандан уста кырылат, / Көрүгүнө чыдабай, / Көп букалар сойулат, / Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулат, / Сугатына чыдабай, / Көлдүн суусу соолот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ордунан туруп Айчүрөк, / Эскиси жок ал үйдө, / Бир сыйра кийим алганы, / Момундай кебин салганы: / — Кийип кетсин муну кул, / Көөнөнү кайдан табалы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →