көөн

китептерде 671 жолу, 8 китепте
  1. Көңүл, пейил.
  2. «Өз көңүлүң», «эмне кылам десең өз эркиң, өз каалооң» деген мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлгөндөрдү кум менен, / Кишиге киши кол менен, / Кектүүнүн кегин чыгарсаң, / Калгандын көөнүн агартсаң, / Мындан кийин тийбеске, / Убаданы бек кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Отордун келе жатканын, / Көрүп турган Торгойдун, / Көөнү миңге бөлүндү, / Көзүнүн жашы төгүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп арбытып, / Арстан Кенен көөнүндө, / Алдында минген Кеңкула, / Айбан жетпейт так буга, / Коргонду карай жөнөдү, / Камчы берип бууданга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Короодон кетпес мал экен, / Кардыгач минип жүрсө, деп, / Көөнүмө кетип калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мен билгенде сеники, / Көөн оорур жериң жок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →