көөкөрлө

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Көөкөргө куюу, көөкөр менен алуу, ташуу.
  2. Өтө көп, арбын агуу, чыгуу, төгүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Дасторкондон өксүтпөй, / Капакка салып бал койуп, / Каймакка бышкан нан койуп, / Канык кара чай койуп, / Чыны менен жай койуп, / Куурдак менен май койуп, / Көөкөрлөп арак көп койуп, / Магзым менен күп койуп, / Бал чайкаган кымыздан, / Сапты айакка куйушуп, / Эңкейе басып кош колдоп, / Конокторго сунушуп, / Отко койчу аттары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…акка салып бал койуп, / Каймакка бышкан нан койуп, / Канык кара чай койуп, / Кымыз куйуп кесеге, / Чарадай айак көтөртүп, / Керт башына жекеге, / Ыркитти куйду көөкөрлөп, / Ичип алган кишинин, / Көөнү эргип көкөлөп, / Өпкө оорулуу кишилер, / Күрс-күрс этип жөтөлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Кеңкула: / “Капчыгайдан хан Калдык, / Кабуусун таап тосот, — деп, / Ажалы жок Бекбача, / Жарадар болуп кутулат, / Бекбачаны өлдү деп, / Кара нээт бул маңгыт, / Көөкөрлөп канын жутат, — деп, / Тар жерге кире бергенче, / Сайып алат баатыр” — деп, / Майторуну бастырбай, / Жолун торгоп алганда, / Өзүнчө элге хан болуп, / Алданып Ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…туруп кейпиңди, / Өзүм эми келгемин, / Эми кайта жер бетин, / Экинчи көрөм дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жүрөк каның ичейин, / Ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күмбөздөй башын байланып, / Көөкөрлөп канын алып кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →