көөдөн1

китептерде 177 жолу, 9 китепте көөдөн 2 →
  1. Дененин көкүрөк, төш жаккы бөлүгү.
  2. өт. Көңүл, ой-пикир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жакшы жаман кеп чыкпай, / Жалдырашып оозунан, / Кеп айттырып Калдыкка, / Өз атасы Турмайлык, / Чоң атасы Доосунан, / Ошондо айтты Бетирке: / — Хан кылганбыз баарыбыз, / Карыңыздан жаныңыз, / Калганды камап олтурбай, / Айланы таба салыңыз, / Баш бурбайбыз баарыбыз, / Көөдөндө турса жаныбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кымызын чайкап бал ичип, / Өз үйүңдө жай жатсаң, / Көтөрүп тууну түшүрүп, / Көбүк кардай ак шордо, / Күүлдөгөн Отордун, / Көөдөндөн канын агызсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акылы артык жаныбар, / Көөдөнүн салып Сыргакка, / Асманга чыгып бир паста, / Коргондун көрүп караанын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →