көңүлдөн
- Көңүлүн салуу, ниеттенүү.
- Макул экендигин, каршы эместигин билгизүү, макул табуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көңүлдөн кайгы арылтып, / Күн батыштын жээгинде, / Биргелеш хандар биз элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп көз менен, / Көңүлдөн кеткис өч менен, / Сандаган аскер, он балбан, / Куткарбасты кубалап, / Келебиз деп эми эле, / Куу чөлдө ишин тууралап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түшүндө башы бардалуу, / Ашкере ага көрүнгөн, / Сейтек аты аталып, / Орун алган көңүлдөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арстандык кылып, абаке, / Көңүлдөн кирин жуубасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал көңүлдөнбөй туруп, башын жерге жакын алып барат деле кайтып «жок, жүрөгүмө барбайт» деген немече бир тал чөп кыркпай, көзүн үргүлөтүп, кайра кекейип туруп алат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →