көңүлдүү

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Кубанычтуу, сүйүнүчтүү, көңүлү көтөрүңкү, куунак, шат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аркыра, Көкдөбө, / Илени кошо башкарган, / Алматыда Аккубак, / Түбү тууган аталаш, / Манас менен Көкчөдөн, / Ошолордон бер жакка, / Казак, кыргыз дебеген, / Ак көңүлдүү талапташ, / Эл баштыгы Шерматкан, / Кайраты көптү жапырган, / Кайкап сан миң кол келсе, / Жазганбай жалгыз качырган, / Темир кийген неченди, / Жер жаздантып жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Чай ичиңиз үйдөн, — деп, / Аш-тамагын жай берип, / Канча түркүн чай берип, / Атын тартып атказды, / Кош аман, деп узатты, / Иши келип оңунан, / Жакып эми чуратты, / Азыраак уктап, көп басып, / Кези келсе түн катып, / Үйүнө келди бир күнү, / Мурдагынан көңүлдүү, / Бээден төрттү сойдурду, / Болжол кылып күүгүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ара жолдон ашканың, / Акылдан бөлөк шашканың, / Көтөрүп койгон үйүң жок, / Көңүлдүү табар жериң жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алалыкты билбеген, / Ак көңүлдүү Семетей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Күн бүгүн кандай көңүлдүү тийген! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →