көңүл

китептерде 294 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын ой-сезими, маанайы.
  2. Көөн, назар, ой-пикир, санаа.
  3. Бирөөгө карата айтылган, билдирилген ниет, тилек, пейил.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Укса болот көңүл кир, / Жамандык жерге жашынбайт, / Ашкере чыгат баары бир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кетирип, / Кул-күң болуп келгендер, / Көңүлү өстү жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →