көңдөй
- Бир нерсенин ичиндеги, астындагы боштук.
- өт. Акылсыз, эссиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өтө берген күү менен, / Өрөпкүгөн Шалкымат, / Темир тону калдайып, / Арка этеги чочконун, / Көндөй болуп калыптыр, / Көрүнүп калган көчүккө, / Көк жалын найза сайыптыр, / Найзанын учу аралап, / Жүрөгүнө барыптыр, / Көмөлөтө сайбастан, / Көтөрүп көк жал алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көкчөнү көрүп жүргөнсүң, / Көп сырларын билгенсиң, / Атакемдин бул уулу, / Көөлдөгөн эр эле, / Көңдөй челек эме эле, / Абыдан, Алмам, ойлоп көр, / Айткандарым калп беле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жан алучу Сейити, / Карап турса маңдайда, / Көөнүн бөлүп эркекке, / Көңдөй болчуу кыз кайда?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →