көшөгө

китептерде 17 жолу, 6 китепте
  1. Көргөзбөй далдаалап туруу үчүн үйгө, сахнага тартылуучу узун жазы парда.
  2. Драмалык чыгарманын бир бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жабык баш, туштук, чырмак чий, / Жуп секичек көшөгө, / Үйдүн ичи бөлөкчө, / Көз уйалып жаркылдайт, / Тегеретип көргөнгө, / Атактакы үйлөрдүн, / Желбоосу жез чынжырдан, / Чамгарагы жылт карай, / Үй санаты бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ажыкең кирди ал үйгө, / Ак тубардан көшөгө, / Бетине тартып койдуруп, / Кары бойу төшөктө, / Эки көзү койулуп, / Жаткан экен чойулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…үз отуздан жашаган: / Аларды кошо алдырып, / Дасторконун жайдырып, / Аш-тамагын жам кылып, / Сейтек менен Гүлнарды, / Ошол үйгө алдырып, / Капшытына Орусхан, / Көшөгөсүн тарттырып, / Угуп турсун кызым, деп, / Көшөгөгө киргизип, / Бере турган дүйнөсүн, / Элине айтты билгизип: / — Мен Орусхан Урумда, / Бере турган энчим бар, / Бу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
"Эми кыздарды жейин"-деп, көшөгөнү ачса, ичинде эки чымчык тыпырап учуп жүрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →