көшү
- Бүткөн бою магдыраган, балкыган, тынч алып мемиреген же уйкусурап каалгыган абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бастырды топтон бөлүнүп, / Баса элек төөдөй көрүнүп, / Көшүгөндөй күлүңдөп, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Келе жатат бадырек, / Келгин суудай күдүңдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дөңдөгү жалгыз өзүмө, / Таазим кылып көшүлө, / Айбанат тарп алганы, / Алиги турган жолборсум, / Ак туйгун болуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көшүгөндөй күлүңдөп, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Чыдабай чочко сүрүнө, / Адам бакпай түрүнө, / Жапандакы жапа айбан, / Жашынды жердин түбүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Көшүгөндөй күлүңдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Айлана көшүгөндөй момурап жымжырт тартып турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →