көч2

китептерде 338 жолу, 10 китепте көч 1 →
  1. Конуш же орун которуу үчүн бир жерден экинчи жерге карай жүктөрү менен жөнөө, жол тартуу, барып орношуу.
  2. Бир жерден экинчи жерге которулуу, жылуу.
  3. Кулап, урап кетүү, жемирилип, урап отуруп, мурдагы калыбында болбой калуу.
  4. Жүрүү, ордунан жылдыруу (шахмат, шашка, тогуз коргол оюндарында фигураны, ташты бир клеткадан же бир уядан экинчисине жүрүүгө карата айтылат).
  5. Класстын, курстун ж.б. кийинкисине, жогоркусуна карай өтүү.
  6. Мурдагыдан башкача болуп өзгөрүү, башкага айланып кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен, / Ары качып чыгышка, / Деңиздин бойун мааналап, / Туруп калган … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туйгузбай көчүп чоң байдан, / Капалга кетти алты бай, / Алты байдын казак деп, / Капалда бүгүн дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Же жабыла көчүп чуркурап, / Жамандыкты тилейби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Болжоп жүрүп Орусхан, / Таласка келип конду, деп, / Канчоро менен Кыйазды, / Талкалап такыр болду, деп, / Айткан эле биздерге, / Гүлнарды алып көчүрүп, / Келатабыз бул жерге”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Алда Көчкүн ай, аны эмне кыласың эми кыйнап. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →