көчүк

китептерде 92 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын, жаныбарлардын белден төмөнкү, куймулчак жаккы бөлүгү, куйруктун түбү.
  2. Нерсенин түп жагы, арткы бөлүгү, аяк жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…шы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Олтурарга орун жок, / Көчүк койор токум жок, / Керегеге сүйөнүп, / Туруп калды бир демге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Намангендин астында, / Кең Кокондун үстүндө, / Чокунун чыгып башына, / Көчүгүн койуп олтуруп, / Көмүрдөй кара ташына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →