көчкү
- Тоонун тик капталдарынан тоотек, кар массаларынын оордук күчүнүн натыйжасында ылдый карай кулап же көчүп түшүшү: Жер көчкү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үп, / Кар агарбай карарып, / Жер көрүнбөй күдүңдөп, / Ак кара айра таанылбай, / Күлгүн тартып бүрүлдөп, / Жер козголуп жайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кар көчкүлөр күрүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Топ тарады, эл кетти, / Эки күн өтүп, үчүндө, / Көчкүнүң — деп — Жээнбай, / Алты, жети эр жетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →