көтөрүңкү
- Бир аз бийигирээк келген, саал көтөрүлгөнсүгөн.
- Бекемирээк, катуураак (үнгө, добушка карата айтылат).
- Шат, шаңдуу.
- Бой көтөргөнсүгөн, көпкөлөң тарткан, мактанган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Баягыдай эмес, бу жолу көңүлү көтөрүңкү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Өзүнүн көңүлү да көтөрүңкү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Урманбет көчүгүн козгоп, оңдонуп отуруп жатып, дагдайган, кең көкүрөгүн жогору көтөрүңкүрөөк коюп, кайраттуу көзү менен кыраандай алыска карап калып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →