көтөр

китептерде 897 жолу, 10 китепте
  1. Мурунку ордунан өйдөлөтүп, бийиктетип, көтөрүлгөн абалга келтирүү, колго алуу.
  2. Өзүнө (аркасына, ийнине ж.б.) жүктөп, бир жерден экинчи жерге ташуу, жеткирүү же алып жүрүү.
  3. Көтөрмөлөө, колдоо, өстүрүү, жогорулатуу.
  4. Куруу, тургузуу, тигүү (дубалды, боз үйдү ж.б.).
  5. Ишке, кызматка, бийликке коюу, дайындоо.
  6. Кош бойлуу абалда болуу.
  7. Бийиктетүү, катуулатуу (мис. дабышты, үндү).
  8. Чыдоо, туруштук берүү, көнүү, моюн сунуу, терикпөө.
  9. Бир нерсенин милдетин, ыгымчыгымын ж.б. моюнга алуу, өзү бүтүрүүгө, өз мойну менен тартууга макул болуу.
  10. Аякты, рюмканы ж.б. колуна алып, ичип жиберүү, тостту алып коюу.
  11. Колундагы нерсе менен уруп, чаап жиберчүдөй тап берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
- / Деп сүйлөнүп Жаңжуңга, / Көтөрүлүп өзүнчө, / Куу чаптар менен жөнөдү, / Карааны тоодой көрүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элден азып сен кеттиң, / Айчүрөктөн башкабыз, / Баш көтөрбөй сенделдик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →