көрүүчү

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Сахнада, цирктин аренасында, кинотеатрларда, стадиондо ж.б. жайларда көрсөтүлгөн оюндарды, фильмдерди ж.б. көрүүгө барган адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лгөн деп угам, / Алмак болуп сулуу кыз, / Бир сапарда өлүптүр, / Колдорун таштап катылбай, / Колбутуп атын бөлүптүр, / Жөө чубап аскер жете албай, / Тирүүлүктө көрүүчү, / Кордукту булар көрүптүр, / Уламалап кеп уктум, / Кыргыздан өлгөн экөө эмес, / Манастан бери карата, / Баарысынан өлгөнү, / Үчтөн-төрткө деп уктум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Актай далы көрүүчү, / Ашкере билгич Алакем, / Төлгөчү Төлөк мурунтан, / Билип жүргөн кеп экен, / Күбүрөштү ал экөө: / — Алмамбет билгич эр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…дегенсип, / Түздү карай чапты, деп, / Тоосур менен тап берип, / Бу кулду кармап алам, деп, / Колун байлап артына, / Сарпочтоп,туруп таңам, деп, / Баш катып күн көрүүчү, / Сейтегине барам, деп, / Бу да жөнөп алганы, / Тумшугунан сеңирдин, / Кутургур чыга барганы, / Караса алдын Кутургур, / Жалгыз кеткен Кара дөө, / Үчөө болуп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Акылы артык айбандар, / Балапанды ар күнү, / Көрүүчү булар жарадар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Он жашар баласы — Петке мени жакшы көрүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →